Немис окумуштуулары SARS-CoV-2 вирусуна каршы нейтралдаштыруучу активдүүлүгүн көрүү үчүн мыя тамырынын (корень солодки) суу экстрактын изилдешкен. Адистердин эмгектери «biorxiv» илимий изилдөө порталында жарыяланган.

Изилдөөчүлөрдүн берген маалыматына караганда, мыянын тамырында кездешкен глицирриз кислотасы вирусту өлтүрөт.

«Биз мыянын тамырындагы негизги активдүү курам болгон глицирризин негизги вирустук протеазды изилдөө жолу менен коронавирусту натыйжалуу нейтралдаштырарын көрсөттүк. Биздин тажрыйбалар глицирризин потенциалдуу вируска каршы кошулма экендигин жана COVID-19 оорусун дарылоо үчүн аны андан ары изилдөөнү талап кыларын баса белгилешти», — деп айтылат изилдөөдө.

Окумуштуулар мыя тамырынын суу экстракты нейтралдаштыруучу таасирге ээ экендигин аныкташты. Глицирриз кислотасы адамдар үчүн коопсуз экени белгиленди. Ошондой эле анда антиоксидантка жана сезгенүүгө каршы касиеттер бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here