Профессор, Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Улуттук университеттеги “чоң жаңылык” тууралуу мындайча жазды:

-Азыр эле КГНУнун башкы корпусундагы Кантөрө Шарипович Токтомаматовдун атынан коюлган Диссертациялык Кеӊеш өтүп жаткан залдан анын сүрөттөрүнүн баарын алып салганын көрүп аӊ таӊ болуп келдим. Бир жыл мурун шаан шөкөт менен ачылып ичине азыркы компьютерлик техникалар менен жабдылып досу Камчыбеков, ректору Канат Сыдыков болуп мактоолор, музыка менен ачылган кабинетти Сооронбай кетеер замат ушундай акыбалга алып келишкени акылга сыйбаган иш болду. Ректор Канат балким Сооронбайды жек көрөөр. Анда эмнеге бул кабинетти ачтырышты. Кантөрөнүн кандай күнөөсү бар. Демек баарыӊарды ушундай шордуу келечек күтүп тураарын ойлойсуӊарбы. Атасынын арбагын сыйлап А.Атамбаев кайра кайра жерге сууга тийгизбей көтөрмөлөгөн Канаттын кылаар иши ушубу??? Коомчулук! Бул окуя баарыӊарга тиешелүү. Бул чооӊ тарбия сабагы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here