Иманбай Шаршенов 1944-2020-жж.

Узаган аптада Жумгал журту партиялык жана советтик ишмер, нускалуу карыя, чыгаан инсан Иманбай Шаршеновду келбес сапарга узатты. Иманбай Шаршенов, 1944-жылы Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Чоң-Дөбө айылындагы 7 жылдык мектептен баштапкы билим алган Иманбай Шаршенов жалпы орто билимге №1 Чаек орто мектебинен ээ болгон.

Мектепти аяктаган соң, 1964-1969-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин химия факультетинен химия мугалими адистигин алган;

1969-1980-жылдары — Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасындагы Пушкин, Горький, Крупская орто мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору болуп миңдеген балдарга таалим-тарбия тартуулаган;

1980-1987-жылдары — Кыргызстан Компартиясынын Жумгал райкомунда инструктор, бөлүм башчы, саясий-агартуу кабинетинин башчысы;

1987-1989-жылдары — Эл депутаттарынын Миң-Куш поселоктук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы;

1989-1991-жылдары — Эл депутаттарынын Жумгал райондук кеңешинин аткаруу комитетинде жооптуу катчы, райондук кеңештин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

1991-1996-жылдары — Чаектеги кесипчилик-техникалык окуу жайынын директору катары Жумгал-Кочкор райондорунун  жүздөгөн жаштарына эмгек жолдомолорун тапшырып келген;

1996-1999-жылдары — Жумгал райондук кеңешинин жооптуу катчысы болуп үзүрлүү эмгектенген.

Ошол эле учурда, айылдык, райондук кеңештин бир катар чакырылыштарынын депутаты, партиянын Жумгал райкомунун, Миң-Куш “Оргтехника” заводунун парткомунун, Миң-Куш поссоветинин, Жумгал райондук кеңешинин аткаруу комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

Эл үчүн жасаган эбегейсиз эмгеги калыс бааланып, Түндүк Кен башкармалыгынын, Миң-Куш поссоветинин аткаруу комитетинин, Жумгал райондук элге билим берүү бөлүмүнүн, агартуу кызматкерлеринин профсоюзунун райкомунун, Кыргызстан ЛКЖС борбордук комитетинин Ардак Грамоталары, медалдары менен сыйланган.

Агартуучулук кесипти ак ниет менен аркалаган Иманбай Шаршенов бул аралыкта миңдеген келечек ээлерине татыктуу тарбиясын, мугалимдик мээримин төгүп уядан учурду. Иманбай Шаршеновдон билим алган жүздөгөн окуучулар кезинде облустук, республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон. Ошол окуучулары учурда Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда салмактуу ордун ээлеп, эл кызматын абийирдүүлүк менен аткарып келишет.

Кыргыз чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаева, эгемен кыргыз мамлекетининин тарыхында аты алтын тамгалар менен жазылган белгилүү мамлекеттик ишмерлер Жеңиш Досматов, Жеңишбек Отунчиев, Каныбек Алыкулов, Аманбек Алымкулов өңдүү инсандар менен бир класста билим алып, катарлаш жүргөн Иманбай Шаршенов өмүрүнүн акырына чейин теңтуштарынын, досторунун бийик сыйына татыды.

2 уул, 1 кыздын аздектеген атасы, 8 неберенин кадырлуу чоң атасы, таятасы Иманбай Шаршенов өрнөктүү өмүр сүрүп, келечек муунга өлбөс-өчпөс из калтырып, үлгүлүү жашоо кечирди.

Адамкерчиликтин бийик үлгүсүнөн тайбаган Иманбай Шаршеновдун жаркын элеси уул-кыздарынын, бир туугандарынын, замандаштарынын эсинде түбөлүк сакталат! 

Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Иманбай Шаршенович!

Жумгалдык  жердештери

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here