Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылы түзүлгөнү маалым болду. Активист Тилекмат Кудайбергеновдун айтымында, аталган кыймыл Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү жана экологияны сактоону талап кылат. Активисттер ушул күндөрү Нарынга барып, жергиликтүү эл менен жолугушуп келген.
Бир нече кишиден турган топ 18-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Жетим-Тоого байланыштуу акция да өткөрүшкөн. Ага чейин, 17-декабрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйында Кыргызстан 2021-жылы Жетим-Тоо кенин өз алдынча иштете баштай турганын билдирген. Азыр кен мамлекеттин карамагында. Жетим-Тоодо темирдин 3 миллиард тоннадай запасы бар жана дүйнөдө экинчи орунду ээлейт. Коомдук-саясий чөйрөдө «Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт кошуна мамлекетке берет» деген кеп көптөн бери айтылып келет.
2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 827 млрд. долларды түзгөн. Анын 646 млн. доллары ички карыз, 4,180 млрд. доллар тышкы карыз.