Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Британияда коронавирустун азыркыдан да жугуштуу болгон жаңы түрү табылганы тууралуу маалыматтарга расмий комментарий берди. Маалыматта: Британиядан башка мамлекеттерде коронавирустун жаңы түрү менен он бир учур катталганы, инфекциянын жайылышы интенсивдүү болуп, кеңири тарап жаткан Европа мамлекеттери көзөмөл жана алдын алуу чараларын күчөтүшү керек» — деп айтылат

Вирустун мутацияланган түрү менен Данияда тогуз, Нидерланд менен Австралияда бирден учур катталды.
Коронавирустун мутацияланганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу Батыштагы бир нече өлкө Британия менен байланышын чектеп жатат. Азырынча мындай кадамга Австрия, Бельгия, Италия жана Нидерланды барды. Германия, Австрия, Израиль жана Франция да чектөө чараларын караштырууда. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 19-декабрда өлкөдө табылган коронавирустун жаңы түрү азыркыга салыштырмалуу 70% жугуштуу деген божомол бар экенин билдирген. Расмий маалыматка караганда, Британияда коронавирустун жаңы түрү миңден ашык кишиден аныкталды. Башкалаа Лондондо жана өлкөнүн түштүк-чыгышында вирустун жайылышына каршы чаралар күчөтүлдү.

Буга чейин вирустун жаңы түрү тууралуу Түштүк Африкада катталганы айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here