Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден кылмыш ишин токтотуу үчүн 160 миң доллар талап кылышканын бир катар ЖМКлар жазып чыгышты  20-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылган деген шек менен жогорку кызмат адамдарынын биринин жардамчысы делген адам кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Опузалоо» беренеси боюнча катталды. Милиция кызматкерлери тарабынан 24 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалган. Ал жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Айрым маалыматтарга караганда, А.Т. эч жерде иштебейт. ал өзүн Садыр Жапаровдун жардамчысы  деп тааныштырган. Кылмышка шектүү Жумалиевден ага каршы козголгон кылмыш ишин Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан токтотуу үчүн 160 миң доллар талап кылган. Ал Бишкек шаарында 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Жумалиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Бактыбек Жумашев акча талап кылган адам кармалгандыгын тастыктады. Бирок ал тергөөнүн купуялуулугуна шылтап маалымат берүүдөн баш тартты. Маалым болгондой  Жогорку Кеңештин депутаты К. Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган, анда Кубанычбек Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле, Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here