Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде от казан жарылып, анын кесепетинен 7 киши жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 19-декабрга караган түнү болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Тактап айтканда 4 жаш бала шаардык клиникалык балдар ооруканасында дарыланууда, алардын абалы канааттандырарлык. Калган 3 бейтап: аял киши, эркек киши жана кичинекей бала Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жаткырылган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, ал жактагы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган аял киши көз жумду.

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here