Бишкек шаарында 19-декабрда чыккан өрттөн 57 жаштагы жаран каза тапканын милициядан билдиришти. Маалыматта каза болгон киши өрт чыккан дүкөндүн кызматкери экени айтылды. Дагы үч адам күйүк менен ооруканага түшкөнү кабарланды.

Өрт Иса Ахунбаев жана Саякбай Каралаев көчөлөрү кесилишкен жерде жайгашкан имаратта чыккан. Күбөлөр өрт курал-жарак саткан дүкөндөн чыкканын жана ал имарат май куюучу станцияга жакын жайгашканын маалымдашууда.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт автоунаа жууган жайда эмес, сервистик борбордо болгонун билдирген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here