Токмок шаарынын 15 жаштагы тургунун өгөй атасы 2 жылдан бери зордуктап келгенин анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров бүгүн, 18-декабрда АКИpress агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ага кыздын чоң апасы жардам сурап кайрылган. Ал жактоочуга небересин өгөй атасы зордуктаганын айткан.

«Өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билген жана унчуккан эмес. Кыз зордуктоо жөнүндө чоң апасына жана жеңесине айтып берген. Алар өз кезегинде милицияга кайрылышкан жана бул факт 5-декабрда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган», — деди Абдыкапаров.

Жактоочу кошумчалагандай, кыз психиатриялык ооруканада, ал эми кылмыш иш тергелбей жатат. Ошондой эле, Абдыкапаров өспүрүм өгөй атасынан келип жаткан коркутуулар жөнүндө айтты.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-декабрда Токмок ШИИБге жергиликтүү тургундар ызы-чуу салган кошуналарга нааразы болуп телефон чалышкан.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Алар 15 жаштагы А.С. апасы жана жеңеси менен уруша кеткенин аныкташкан. Кыз 2018-жылдын август айында өгөй атасы тарабынан зордукталганын билдирген.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, апасы, жеңеси жана кыз зордуктоо фактысы боюнча милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Алар баш тартуунун себебин бул үй-бүлөлүк көйгөй деп түшүндүрүшкөн.

Бирок бул окуя боюнча Жазык кодексинин 161-беренесине ылайык (зордуктоо) кылмыш иши козголгон.

Кызды, анын ата-энесин жана жеңесин милицияга чакырышкан, аталган жайга келгенден кийин, өспүрүм үй-бүлөсү менен үйүнө кайтуудан баш тарткан. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору кызды жашаган жерин андан ары аныктоо үчүн социалдык кызматкерлерге өткөрүп беришкен.

Мындан тышкары, сурак учурунда өспүрүмдүн энеси жана анын күйөөсү зордуктоо фактысын четке кагышууда.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here