Бишкек эркин экономикалык аймагынын генералдык директору Кудурет Тайчабаров «Чоң казатчылардын» косягын өз баракчасына ачык жазып чыкты. Каны, жаны журналист болуп  чындыкты чыркыратып жазып көнүп калган Тайчабаров мына ушундай кадамдарынан жазбаса, саясатта салмагы арта берет. Анын жазганына төмөндө көз чаптыралы:  

 «Өлкөдө «Чоң Казат» отдел кадровбу?

Ушуну менен экинчи жолу мага «Чоң Казат» кайрылып атат. Баланчаны кетир, түкүнчөнү көтөр, баланчага жардам бер деп.Азыр эле Жапыкеевдин жардамчысымын деп бирөө чалды.Эгер ар бир структурада ушундай болуп аткан болсо анда кечирип эле койгула… Сыймык Жапыкеев, эгер Сиздин атыңыздан чыгып аткан болсо анда ачыкка чыгыңыз, эгер атыңызды саткан болсо чара көрүңүз.Камчыбек Кыдыршаевич, Бакыт Абдилашимович, өлкөдө бийлик барбы же сахнанын артында «Чоң Казат» башкарабы?Чара көрөм десеңер, менде запись бар, а эгер көз жумуп койсоңор, анда отдел кадров «Чоң Казат» экен деп жашай берели…» 

Тайчабаровдун бул билдирүүсүнө   чоң муштумдары жана бейбаштары көп «чоң казатчылар» азырынча үн ката элек. Балким уялып жатышкандыр, же ылайыктуу жооп таппай сыйпалап жатышабы?! Чынында «Чоң казатчылардын» ар кандай жагымсыз жүрүштөрү тууралуу көп эле маалыматтар буга чейин деле  ЖМКларга байма -бай чыгып келген. Айтор, бул жол менен жүрүп олтуршса, арты жакшы болбос…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here