Сербияда өтүп жаткан жеке Дүйнөлүк Кубоктун алтынчы мелдеш күнүндө Кыргызстандын эркин балбандары эки коло медалга ээ болушту.

17-декабрда эркин күрөш боюнча 5 медалдар топтому ойнотулду.
 Исламбек Орозбеков 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдык баскычтан башташы керек болчу, бирок атаандашы күрөшкө чыккан жок. Чейрек финалда кыргызстандык Индиянын балбанын жеңип, бирок жарым финалда түркиялык спортчуга утулуп калды.
 
Коло үчүн күрөштө Орозбеков азербайжандыкы менен кез келип, аны 6: 5 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду.
 Айаал Лазарев 125 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандан күч сынашып, Канада менен Молдованын спортчуларын эки жолу жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн күрөштө Лазарев Риодогу Олимпиадада утулуп калган польшалык Роберт Баранга утулуп калды.
 Акыркы 3-орун жана коло медаль үчүн күрөштө Лазарев азербайжандыкы менен кез келип, аны 11: 0 эсебинде жеңип алды.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here