Шайлоо боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Ысык-Көл облусундагы үгүт иштери үзгүлтүккө учурагандыгы тууралуу маалыматына жооп берди.

Буга чейин Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштоого ниеттенгенин, бирок анын командасындагы адамдарга коркутуулар түшүп жатканын айткан. Ал анын тарапташтарына эгерде талапкерлердин бирине үгүттөбөсө, анда үйлөрүн өрттөй турушканын айтканын белгилеген.

Мамытканов өз кезегинде Ысык-Көл облусунун жетекчилигинен Мадумаровдун маалыматы боюнча сураганын билдирди.

«Алар эч кандай тоскоолдук болбогонун, Мадумаров өзү бул жакка келбегенин айтышты. Эгерде ал Ысык-Көлгө келгиси келсе, келе берсин. Эртерээк айтып койсо, аны тосуп алышат. БШК бул жакка териштирүү үчүн комиссия жөнөттү. Тоскоолдук болбошу керек, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү зарыл. Эгерде коркунуч болсо, коопсуздукту камсыз кылабыз. Мага айтсын, мен аны менен чогуу келем, ушундай эле абал болуп жатса, жанында болом», — деди Мамытканов Каракол шаарында.

БШК Адахан Мадумаровдун Ысык-Көлдөгү тарапташтарына коркутуулар болуп жаткандыгы тууралуу Башкы прокуратурага жана ИИМге маалымдаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here