Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда алтын байге алды. Ал 68 килограммга чейинки салмакта финалда чехиялык Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңди. https://www.instagram.com/p/CI4d1EUp52U/

https://www.youtube.com/watch?v=dezBY6IIqjo

Мээрим Жуманазарова бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Ал алгач беларус Анна Садчанканы 4:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда украиналык Алина Бережна Стадник-Махиняны (6:6) уткан.

Бул күнү дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге алды. Ал 3-орун үчүн таймашта орусиялык Екатерина Букина менен күрөшүп, 11:8 эсебинде жеңишке жетти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here