Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелип жаш жубайлар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-декабрь күнү Сокулук РИИБге Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 19 жаштагы Ж.И. арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарындагы такси кызматтарынын биринеде иштеп жатып, ошол эле күнү болжол менен саат 20:00 чамасында анын автоунаасына болжол менен 20-25 жаш курактагы эркек бала менен кыз отуруп, Ново-Павловка айылына жеткирип коюусун суранышкан. Айтылган дарекке жеткенден кийин автоунаадагы шектүү айдоочуну коркутуп, мойнуна жип салып, анын телефонун жана жанындагы 600 сом акчасын алып, унаасын тартып алып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 202-беренесине ылайык (каракчылык) кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү автоунаа ээсине кайтарылып берилген.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1998-жылы туулган Б.С. жана анын жубайы 1995-жылы туулган Э.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here