Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен жаш эне менен 3 наристе каза болгон. Келин менен наристелер жерге берилгенин Бостери айыл өкмөтүнөн билдиришти.

«Жаш келин менен 2 уулу 15-декабрда Бостери айылында жерге берилди. Ал эми жээни болгон наристенин сөөгү Канткка коюлду. Каза болгон келин күйөөсү жана үч баласы менен Новопакровкадагы сарайда 5-6 жылдан бери иштеп жүрүшкөн. Өрт чыккан маалда үйдүн 9 жаштагы улуу баласы сыртта болуп, ал аман калган. Ал эми келин үйдөгү наристелерди алып чыгам деп кирген бойдон кайра чыкпай калган», — дешти мекемеден.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here