Жогорку Кеңештин 16-декабрындагы отурумуна катышкан вице-премьер-министр Равшан Сабировдун билдиргенине караганда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү тартиби кайрадан киргизилет: “Бул боюнча кудай буюрса, биз техникалык кароону кайра киргизели деп турабыз. Азыркы тапта катализатору жок машинеден көмүр кычкыл газы 2-2,5 эсеге көп көтөрүлүп жатканын билебиз, Ушул учурда илимпоздор менен жарандык коом чогулуп, мамлекеттик органдар менен чогуу талкуулап жатабыз.” Бул тууралуу вице-премьер-министр депутат Осмон Турдумамбетовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат отурумда өкмөттү аракетсиздиги үчүн сындады: “Азыр машинелерде катализатор деген калбай калды. Эл аны кесип туруп сатып ийди. Катализатордо баалуу металлдар, палладий, рудий деген бар экен. Машиненин катализаторун текшерген пистолет бар. Ал 2 миллион сом турат. Сиз аныктап атабыз дейсиз, андай болгон жок. Орусияга сатылып жатат катализаторлор. Буга чейин катализатор жүктөлгөн бир жүк ташуучу машине кармадыңарбы?”

Автоунаадагы катализатор – атмосферага уулуу заттардын чыгуусун тосуп турган чыпка. Азот кычкылы, ыс жана көмүр кычкыл газын кайра иштетип, зыянсыздандыра турган машиненин тетиги. Кыргызстанда автоунааны милдеттүү кароодон өткөрүү тартиби 2012-жылы алынып салынган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here