КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы “А.А.М.” кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын УКМК ККК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Ошентип 15-декабрда аталган иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98 беренесинин негизинде, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы “А.А.М.” кармалып, КРнын УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын инциалы Араев Азамат Муратовичке туура келип жатканын ЖМКлар жазып чыгышты. Ал көп жылдар бою ИИМде жооптуу кызматтарда иштеп жүрүп, 2018-жылы ал кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен өкмөттян аппаратынын орун басары болуп дайындалган. Эске сала кетсек, Абылгазиевдин тушунда ийгиликтүү ишке ашып кеткен 5 млрд. сомду чапчыган радожыштык коррупциясы боюнча кылмыш иши козголуп, көптөн бери тергөө жүрүп жаткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here