Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев «Хабар» телеканалына маек берип жатып Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Кыргызстандан чыгарып кетүүгө кантип көмөктөшкөнүн айтып берди.

«Аны [Аскар Акаевди] Бишкектен Таразга тик учак менен чыгарып кетүүгө туура келди. Абал оор болчу, ал жакта аткылап салышмак, бирок конфронтация болбошу үчүн мен аны чыгарып кеттим», — деди Назарбаев.

Ал Курманбек Бакиев Ош облусунда тарапташтарын чогултуп, аларга курал берип, Бишкекти көздөй барууга даярданганын белгиледи.

«Мен айттым: — Курманбек, сен эмне кылып жатасың? Кан төгөсүң. Кайра президент болуп отургуң келип жатабы? Ушундан кийин кантип иштейсиң?», — деп эскерди Назарбаев 2010-жылдагы Апрель окуяларын.

Ал андан кийин Роза Отунбаева менен байланышканын айтты.

«Ал бир нерсе кылып, Курманбекти тынчтандырууну суранды. Курманбекке чалып айттым: «- Кел, мен сени Оштон чыгарып кетейин. Андан кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүң, бул жакта жанымда болосуң». Араң-араң көндүргөм», — деди ал.

Казакстандын биринчи президенти ошол учурда Вашингтондо ядердик куралсыздандыруу боюнча жыйын өтүп жатканын билдирди.

«Биз ошол жакта болчубуз. Россиянын президенти Медведев болчу. Обама бар эле. Үчөөбүз шыбырашып жаткан сүрөт бар. Ошол учурда Кыргызстан тууралуу, жарандык согуш башталып жатканы жөнүндө сүйлөшүп жатканбыз. Бакиев куралдуу отряддар менен Бишкекти көздөй барганы жатат, бир нерсе кылыш керек. Мен чыгарып кетем [Бакиевди], орусиялык истребителдер менин учагымды калкаласын дедим. Ошол убакта коргоо министри Адилбек Жаксыбеков болчу. Мен учак бер дедим. Ал аскер чалгыны аркылуу маселени чечип баштады. Ошто аэропорттогу тилкелерге шагыл төгүп салышыптыр, конууга, учуп кетүүгө мүмкүн эмес деди. «Сен муну так билесиңби?» деп сурадым. Так эмес, бирок ушинтип айтышты деди. Мен учак жөнөт, шагыл төгүлсө кайра учуп кетсин, эгерде шагыл жок болсо, анда консун дедим. Курманбекке учак чыгып жатат, даярдан деп айттым. Эч кандай шагыл төгүлбөптүр. Үй-бүлөсүн салып, бизге алып келишти. Эгерде мындай кылбасак ал жакта кан төгүлмөк. Муну унутпа дедим», — деди Назарбаев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here