Бүгүн Жогорку сот 4 жыл мурун Ош шаардык сотунун чечими менен соттолгон Ош областынын ички иштер башкы башкармалыгынын мурунку жетекчиси Абдилат Капаровдун ишин карады. Маалым болгондой ага Сооронбай Жээнбеков Ошто губернатор болуп турганда моралдык зыян келтиргендиги үчүн соттон 250 миң сом төлөп берүү өкүмү чыккан. Бул иш боюнча сотко чакырылышкан (жабыр тартуучулар катары ) Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков келишпегинин Капаровдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди. Бул боюнча иш кийинки жылы 12-январда каралмакчы. Капаровдун өтүнүчү менен Жээнбековдор ал сот отурумуна чакырылышат. 5-октябрдагы окуялардан кийин милициянын полковниги Капаров эркиндикке чыккан. Ал өзүн актоо талабы менен сотко арыз менен кайрылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here