Жасалма Америка доллары менен 1969-жылы туулган аял кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шектүүнү колго түшүрүү иш-чарасы 14-декабрда Бишкек шаарында жүргөн.
Табылган жасалма акча каражаты — чет өлкөнүн банкноту жогорку сапат менен Жакынкы Чыгыштагы өлкөдө даярдалган. Аны таратуу максатын көздөшкөн.
Шектүү УКМКнын абагына убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.