Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын Дүйнө кубогу мелдешинин финалында атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты деп атады. UWW чемпион кыздын видеосун Instagram баракчасына жарыялаган.

https://www.instagram.com/reel/CI1KVHwlM27/?utm_source=ig_embed

https://www.youtube.com/watch?v=Pzjo0i4GDyg

Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда 62 килограмм салмакта чемпион болду. Чечүүчү финалдык кармаштын биринчи эле бөлүгүндө кыргызстандык спортчу кыз латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утту.

Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде да чемпион болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here