Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда чемпиондукту жеңди. Финалдык кармашта балбан латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утту.

https://www.youtube.com/watch?v=eMBIyZpXXo0

Тыныбекова жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген. 62 килограмм салмакта килемге чыгып, алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду уткан.

15-декабрда кыргызстандык дагы бир балбан Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты.

Буга чейин кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алган. 13-декабрда Руслан Царев бул мелдеште коло медаль тагынды

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here