Алып баруучу Назира Айтбекова түшүнө акын Элмирбек Иманалиев киргенин, өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.

-Тер ичинде кыйкырып ойгондум. Таңкы беш болгон экен. Түшүмө кирип жатыптыр агам. Артында эки сүрдүү — бирөө ак, бирөө кара чо-оң канаты бар эки периштеси менен туруптур. Укмуш ыр төгүп атат агам токтоно албай. Тынымсыз , үнүн өктөм чыгарып, ыр окуп атат. Жанында өкүл баласы Азамат Болгонбаев колунда комузу менен ал дагы жамгыр сындуу көнөктөп төгүп жатат. Жеңишбек Жумакадыр да жүрөт. Экөө тең аяр карап Эмикемди тирүү кезиндей коргоп , тегеректеп атат. Агам сеизимиме сезими менен эки сабак калтырып атыптыр. Биринчиси: Балаңа өз каалооңду таңуулаба. Өз каалоосунда эркин өстүр!” Экинчиси да : “ Байлык — жөнөкөй пенде көтөрө алгыс оор жүк! Чыгармачылык эркин токойдун эркин кушу бол! деп атыптыр. Менин табиятыма жарашпаган, дал келбеген жакта пенделикке , көр дүйнөгө алдырып, көөдөнүм менен эсептешпей, адашып жүргөн экенмин. Ал жактан “Кет бул дүйнөдөн. Сенин дүйнөң башка !” — деп атат! Сезимимде “ байлык — адамга болуп көрбөгөндөй зындан! Бакыт — эркиндикте!” дегендик калды. Жарыктык, тирүү кезиндегидей жайдары күлүп , ыр дүйнөсүн сүйүп, чыгармачылык дүйнөсүндө жүрөт. Агам өзү көр оокатка көз артпаган жан эле. Ошонусун үйрөтүп жатыптыр мага.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here