Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда жарым финалга чыкканы маалым болду.  Дүйнө кубогу ушу тапта Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта килемге чыгып, мелдешти чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде Айпери болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде утуп алды. Эми анын жарым финалдагы атаандашы германиялык балбан айым Аллин Роттер Фокенден 6:4 эсебинде утулуп калды. Эртеӊ ал коло медель үчүн күрөшмөкчү. Азырынча анын атаандашы белгилүү боло элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here