» Баймамыр абабыз өтө бай жашаганы менен абдан берешен, айкөл жана акылы тунук адам болуптур. Ал киши жайлоого же кыштоого көчүп жолдо баратканда “суусунду кандырып мейман болуңуз” деген байлардын айылына түшпөй, кедей-кембагалдарга токтоп ал-акыбалдарын сурап, өтө кедейлерине бээ берип, “кийин кулунун алып калып бээнин башын кайра бересиӊ, тирилигиӊди оӊдоп тыӊдагын” деп, көчүн андан ары улачу дешет.

Ошентип, бабабыз өз өмүрүндө өтө көп кедейлерге жардамын тийгизиптир. Колхоздоштуруу мезгили келгенден кийин, колхоздо учетчик болуп иштеген Усубаалы деген адам Баймамырдын үйүнө келип, мал-мүлкүн тизмектеп каттап, аларды ала баштайт. Ошол убакта жашы 80ден ашып калган Баймамыр ата:

— Балам, бүт баарын алсаң да, бир гана кепиниме деген акты калтыр, сага ак батамды берейин, — дейт. Бирок Усубаалы көнбөй, кепинге деген ак кездемени да алып кетет.

Ошондо Баймамыр бабабыз катуу нааразы болуп, Усубаалыга минтип тескери батасын бериптир: “Өлбө, житпе, от башынан кетпе, көп жаша, бирок жакшылык көрбө, иттен илгери бол, адамдан төмөн бол”.

Кийинчерээк айыл ичинде “чынында эле Усубаалыга тескери бата тийиптир, аны жин даарыптыр” деген кабар таркайт. Бара-бара жашы өткөн сайын Усубаалы акыл-эсинен айнып көчөдө басып калып, жаш балдар аны “жинди, жинди” деп кубалап, таш менен ургулап кодулашат. Алжып карыган учурунда карылар үйүндө 100 жашка чыккыча жашап, ошол жактан каза табат.

Усубаалы Баймамырдан тартып алган кепинге деген ак матаны энесине алып барып, элечек жасатып берген дешет. Ошондон көп өтпөй энесинин моюну бир жакка кыйшайып, тамак жегенге да жарай албай, анан бат эле каза болуп калыптыр.

Ал эми Усубаалынын иниси Бейшенбай агасынын жоругунан кийин тескерисинче Баймамыр бабабызга каралашып, жок-житигин берип, “Казы-чучук жеп жүрчү элеӊиз аба, өксүп калбаӊыз” деп казы-чучук жеткирип берчү экен. Баймамырдын ак батасын алган Бейшенбай жигиттин турмуштан жолу болуп, райкомдун секретары кызматына чейин жетип, өмүр бою жетекчи кызматтарда иштеген экен.

Бүбүйра БЕКТЕНОВАнын “Ай тамга” китебинен алынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here