Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында доллар менен евронун курсу акырындык менен төмөндөп жатат.

Ноябрь айынын башында доллардын баасы кескин жогорулап, бир жарым айдан бери сатуу 84,9 сомдон түшпөй турган. Аны менен катар эле евро дагы кымбаттап, тарыхта биринчи ирет 103 сомго чыккан.

Бүгүн эртең менен доллардын орточо курсу сатууда 84,15 сом, евро 102,45 сом болуп турган. Азыркы тапта доллар 83,11 сомго, ал эми евро 101,49 сомго түшкөн.

Россияда доллар декабрь айынын башында арзандаган. Азыркы тапта америка валютасы 73,05 рублдан сатылууда. Айрым эксперттер курс 65-66 рублге чейин түшөрүн айтып жатат. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here