Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубокто Руслан Царев Кыргызстандын куржунуна биринчи коло медалды алып келди. Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Кыргыз балбаны Руслан Царев коло байге үчүн беттеште 2019-жылы Дүйнө Чемпиондугунда коло байгеге ээ болгон болгариялык Айк Мнацаканянды 3:1 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду. Аталган мелдеште, Руслан Царев Кыргызстандын куржунуна алгачкылардан болуп медаль алып келген спортчу болуп калды.