Туура тамактануу боюнча көп маалымат топтоп, кандай азык-түлүктү колдонуу зарыл экенин жакшы билсеңиз керек.

Бирок жаңы изилдөөгө ылайык, туура азык-түлүктөн тышкары, туура убакытта тамактануу дагы абдан маанилүү экен.

Диетологдор бир күндө көп жолу аз-аздан, интервалдар менен тамактанууга үндөйт.

Уктап тургандан кийинки 10 саат

Жаңы изилдөө циркадалык ритм же организмдин ички ритмине басым жасайт. Ага ылайык, адам баласы уктап тургандан кийинки 8-10 сааттын ичинде гана тамактануусу зарыл. Бул эреже сакталса, организм тамакты сиңирүүгө жетиштүү убакыт алат.

Диетолог Сатчин Панда Биологиялык изилдөө институтунун профессору. Ал он жылдан бери изилдөө иштерин жүргүзүп келет.

Женщина-бегунья

Панда айым Би-Би-Сиге берген маегинде циркадалык ритм үлгүсү колдонулса, организм жакшы иштейт деп айтты.

«Организмдеги ар бир клеткада өзүнүн циркадалык ритми бар. Демек, уктоо үчүн туура убакыт болгондой эле, тамактануу, сабак окуу, спорт менен алектенүү үчүн дагы туура убакыт бар. Изилдөөгө ылайык, биздин организм ойгонгондон кийин 8-10 саат, максимум 12 саат гана тамакты сиңире алат. Туура учурда тамактанбай калсак циркадалык ритм үзгүлтүккө учурап, биздин организм эс алуу үчүн башка режимге өтөт», -деди Сатчин Панда.

Будильник
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Диетолог Сатчин Панда: «уктоо үчүн туура убакыт болгондой эле, тамактануу, сабак окуу, спорт менен алектенүү үчүн дагы туура убакыт бар»

Туура учурда тамактануу жана туура учурда диета кармоо

Диетолог Панда жана анын кесиптештери «тамактануудан эс алуу» концепциясын он жыл бою изилдешти. 2012-жылы алар чычкандарга сыноолорун өткөрүшкөн.

Биринчи топко майлуу тамак беришкен жана чычкандар каалаган учурда тамактанышкан.

Панда айымдын айтымында, 18 айдан кийин биринчи топтогу чычкандар семирип, холестериндин деңгээли көтөрүлүп, ичеги жана диабет илдетине чалдыгышкан.

Кызыгы, күнүнө сегиз саат гана майлуу тамак берилген чычкандар эч кандай илдеттерге туш болгон эмес.

Марокканское блюдо
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Изилдөөгө ылайык, туура убакытта тамактануу ден соолукту дагы чыңдайт

Көрсө адам тамак жебей калганда, организм атайын заттарды бөлүп чыгарат экен. Бул заттар холестериндин деңгээлин түшүрүп, булчуңду, тери жана ичегини калыбына келтирет.

Ал эми уктап тургандан кийин 10 саат өтсө дагы тамак жей берсек, организм кыйналат. Себеби организм эс алуунун ордуна тамакты сиңирүү менен алектенет.

«Тамактануунун ортосунда эс алуу саламаттыкка жакшы таасир этет. Биз аны «тамактануудан эс алуу» же «эс алып тамактануу» деп атайбыз. Учурда көптөр диета деген сөздү жактырбайт. Биз көп же аз тамак жеш керек деген жерибиз жок. Бир гана туура убакытта тамактануу керек. Уктап тургандан кийин сегиз же он сааттын (максимум 12 саат) ичинде тамактаныңыз, андан кийин наар албаңыз. Себеби бул убакыттан кийин жашылча-жемиш жесеңиз дагы, ал организмге терс таасир этет», -дейт Панда айым.

Адамдарга жасалган изилдөө

Диетолог Панданын айтымында, анын жыйынтыктары башка изилдөөчүлөр тарабынан да тастыкталды.

«Изилдөөлөрдүн бири көрсөткөндөй, түнкүсүн 13 саат бою тамак жебеген аялда эмчек рагынын жаралуу коркунучу бир топ төмөн болгон»,-дейт ал.

Бул изилдөө тынбай бир нерсе жеп жүргөн көптөгөн адамды ойго салышы мүмкүн. Аларды эле эмес, активдүү жашоо образы менен жашап жаткан, бирок тамактанууда атайын режими жокторду деле капалантат.

2015-жылы Панда изилдөө иштери менен жүргөндө, 15 саат бою же андан да көп убакытка тамак-аш жеген ыктыярчы адамдарга смартфондогу атайын тиркеме аркылуу байкоо салган.

Бирок изилдөөдө айтылгандай, 14 саат бою тамак-аш жеп жүргөн ашыкча салмактагы адамдар, 16 апта бою уктап тургандан кийин 10-11 гана саат тамак жей баштаган. Алардын рациону өзгөрбөй, бирок салмак таштаган, жакшы уктап, өздөрүн энергиясы ашып-ташып жатат деп эсептеген.

Мындай оң таасир жыл бою сакталып турган.

Мужчина с овощами в руках
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Режим менен алмашып иштеген адамдар кайсыл убакытта тамактанып жатканына өзгөчө көңүл бурушу абзел

Режим менен иштеген адамдагы көйгөйлөр

Күндүзгү же түнкү убакытта режим менен алмашып иштеген адамдар үчүн жогорудагы схемалар менен тамактануу оор болсо керек.

Бирок диетолог Панда баарына көнүп калуу мүмкүн экенин айтат.

«Режим менен алмашып иштеген адамдар кайсыл убакытта тамактанып жатканына өзгөчө көңүл бурушу абзел. Алар уйкудан тургандан кийин эч нерсе жебей бир саат күтө турсун. Андан соң бир суткада 8 -10 саат ичинде тамак-аш жесин. Качан гана кадимки режимге түшкөндө, кайрадан 8-10 саат бою тамактансын», -дейт ал.

«Андан тышкары режим алмашып иштеген адамдар алкоголь ичүүдөн карманышы керек. Мындай адамдар ичкилик аркылуу ичегисин жабыркатып, өзүнө ооруларды чакырып алышы толук мүмкүн».

Түн ортосунда муздаткычка чуркап, майлуу же туздуу тамак жеп (арак-шарап ичкенден кийинки каалоо), ошондой эле дем алыш күндөрү көп нерсени аралаштырып жеп салуу — бул туура тамактанууга шайкеш келбейт.

Панда айым бул абалдан улам организмдеги ритм үзгүлтүккө учурайт деп айтат.

«Башка алыскы өлкөгө көчүп барганда, сааттын айырмасынан чарчагандай эле, организм да апта сайын эс алуунун ордуна, чарчап турган болот», -дейт ал.

https://www.bbc.com/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here