Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш кабыл алып, дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди.

Башынан эле кайчы пикир жараткан долбоор 9-декабрда гана биринчи окуудан өткөн. Бир катар депутаттар документти парламентке алып чыгууда мыйзамдар, регламент бузулганын бир нече жолу кайталашты. Мыйзам долбоорун колдогондор коюлган дооматтардын баарын четке кагып жатышат.

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун эки күндө эле кабыл алып койду.

63 депутат “макул”, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев жана Айсулуу Мамашова “каршы” деп добуш беришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here