Социалдык тармакта Ош облусунун Ноокат районунда ата-энелер жигит менен кыздын баш кошуусуна каршы болгондуктан улам, алар качып кетишкенин айткан видео тарады.

Видеодо көрүнгөндөй кыздын аты Элмира. Ал жигити менен качып кеткенин, азыр алар коркуп жатышканын айтып, тийиштүү органдардан жардам сурап кайрылган. Ал эми тасмадагы жигит президенттикке талапкер Садыр Жапаровго кайрылганын көрүүгө болот.

Бул боюнча Ош ОИИБи төмөнкүчө маалымат берди «Ушул жылдын 22-сентябрь күнү Ноокат районунун Катта-Тал айылынын тургуну 21 жаштагы С.А. жана ошол эле айылдын тургуну 19 жаштагы К.Э. RX 330 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка качып кетишкен.

Кызын ала качып кеткендиги боюнча кыздын апасы арыз менен кайрылган. Бул окуя Ноокат РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «кыз ала качуу» беренеси менен катталган. Учурда кыз менен бала Садыр Жапаровго кайрылган видео социалдык тармактарда тарап жатат. Алардын жүргөн жерин аныктап үйүнө кайтаруу боюнча иш чаралар жүргүзүлүп жатат», — деди басма сөз кызматы.

Алдын-ала маалыматтар боюнча кыз менен бала кошуна өлкөлөрдүн бирине чыгып кетишкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here