Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 10-декабрдагы сессиясында дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып берди.

Жыйынды алып барган вице-спикер Мирлан Бакиров каттоодон 64 депутат өткөнүн билдирди. Алардын ичинен төрт депутат — Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Айсулуу Мамашова жана Наталья Никитенко мыйзам долбооруна каршы добуш беришти. Сессияга катышкан калган 60 депутаттын макулдугу менен мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here