АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизгени тууралуу маалымат АКШнын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Анда “Магнитский акты” деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрага орун басарлыгын аркалаган.

АКШнын Каржы министрлигинин сайтындагы билдирүү.
АКШнын Каржы министрлигинин сайтындагы билдирүү.

20-октябрда Улуттук коопсуздук комитети Матраимовду кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген. Ошол эле күнү сот Матраимовду эки миллиард сом мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирип, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү. Өзү 2 млрд. сомду ноябрдын аягына чейин төгө турганын айткан

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here