29-декабрга чейин жарандар өздөрүн шайлоочулардын алдын ала тизмесинен текшере алышат. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.

Жаран өзүн шайлоочулардын тизмесинен кантип текшере алат?

  • шайлоо участогуна барып;
  • www.tizme.gov.kg порталынан;
  • 119 номери аркылуу МККнын Сall-борборуна чалуу (акысыз);
  • 119 номерине идентификациялык жеке номерди (ИЖН) көрсөтүп СМС жөнөтүү аркылуу.

Эгер кандайдыр бир ката аныкталып же тизмеден өзүн таппаса, жаран 29-декабрдын кечине чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына паспорттун (ID – карт) көчүрмөсүн көрсөтүү менен кайрыла алат. Биометрикалык каттоо жок болгон учурда жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелери, калкты тейлөө борборлору, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана консулдуктары аркылуу андан өтүүгө болот.

10-ноябрга карата алдын ала тизме боюнча шайлоочулардын саны 3 544 403кө жетти. Алардын ичинен эркектер – 1 693 035, аялдар – 1 851 368 киши.

2020-жылдын октябрында болгон шайлоого салыштырмалуу, шайлоочулардын саны 20 849 адамга көбөйгөн.

Эске салсак, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо болот

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here