УКМК Жер ресуртары боюнча  мамлекеттик  агенттиктин директору  Каныбек Ботобаевди кармады. Буга чейин АКС  Жер ресурстары агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын директору Абдумуктар Маматовду кармаган.  УКМКнын маалымат кызматы ал тууралуу: » аталган ишкананын жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча жыйнап туруктуу негиздеги коррупциялык схема түзгөнү белгилүү болгон.» — деген маалымат тараткан. 

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул боюнча сотко чейинки өндүрүш ачып, иликтөөнүн алкагында системалуу түрдө акча жыйноо фактысына тиешеси бар адамдарды аныктаган. Чогулган материалдардын негизинде кечээ, 2-декабрда, Абдумуктар Маматов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ботобаевдин кармалышы да ушул ишке байланыштуу болушу мүмкүн…Ал бул кызматка өткөн жылдын сентябрь айында дайындалган. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here