Жогорку Кеңеш Референдум тууралуу мыйзамды кабыл ала албасын Жогоку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев бүгүн парламенттин отурумунда айтты. Депутат мөөнөтү бүткөн парламент тууралуу Конституциялык палата октябрда чыгарган чечимди кесиптештеринин эсине салды:

«Конституциялык палатанын чечиминде «Мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңеш мамлекеттин тагдырына тиешелүү саясий маселелерди карап, чечим чыгарууга укуксуз» деп жазылып турат. Парламент бюджет жана башка социалдык экономикалык маселелерди кароого укуктуу. Референдум, бийликти бир адамдын колуна берүү — саясий маселе. Ошондуктан, Референдум тууралуу мыйзамды экинчи окуудан кароодо ушул маселени дагы карап көргүлө».

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Парламенттин 9-декабрдагы жыйынына 62 депутат катышты. Алардын ичинен долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко «каршы» добуш берди.
«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, партиянын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун кабыл алуунун өзү мыйзамсыз деп билдирди. Ал эми мыйзам долбоорунун автору Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров айрым сын-пикирлер 2-окууда караларын айтты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here