Талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна эң көп акча түштү. БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу президенттик шайлоого катыша турганын билдирген 20 кишинин шайлоо фондуларына түшкөн каражаттар (4 -декбарга карата) жана анын сарпталышы тууралуу маалымат таратты. Маалыматта: шайлоо фондуна эң көп акча Садыр Жапаровдон түшкөн. Анын акчасы 15 миллион сом. Бул каражат шайлоо фонддорундагы 44,7 миллион сомдук жалпы эсептин 33.5% түзөт. Андан кийин жеке ишкер Бабур Төлбаев турат, анын шайлоо фондуна 5,2 млн. сом которулган. Калган 18 кишинин шайлоо фонддоруна 1,1 миллион сомдон 2,5 миллион сомго чейин акча түшкөн. Шайлоо фонддорундагы жалпы эсеби 44,7 миллион сомдук каражаттын 26.3 млн. сому сарпталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here