Октябрь райондук милициясы бул кылмышка шектүү 1989-жылы туулган адамды кармады.  Ал Бишкектин 7-кичи районунда жашаган 1988-жылы туулган аялга  карызын  (3,500 доллар)өндүрүү үчүн барган. Экөө жолугушкан соң,  уруша кеткен. Эркек биринчи аны муунтуп, андан соң бычак менен кокосуна сайып жиберген. Маркум  аял көпкө жумушка барбай, дайыны  чыкпай калгандыктан аны издегендер 8-декабрда милицияга кайрылган. Милиция анын жашаган батирине келип, аялдын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү бат эле кармалып, окуя кандайча болгону тууралуу көрсөтмө берген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here