Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат Атамбаевди УКМК тергөө абагына которууга аракет кылып жатканын анын адвокаты Замирбек Жоошев маалымдады. Адвокат ЖАМК мурдагы президенттин ден соолугуна карабай, шарты начар тергөө абагына которуп жатканы боюнча айтты. . Ал: » Атамбаевдин саламаттыгынын начардыгы тууралуу №47 абактын дарыгерлери күбөлөндүргөн кагаздары турганына карабай, аны УКМКнын тергөө абагына которуу аракети көрүлүүдө. 7-декабрда Батукаевдин ишин караган судья Термечиков Атамбаевди атайын кызматтын тергөө абагына которуу боюнча чечим кабыл алган. Атамбаевдин жаза аткаруучу ордун алмаштыруунун зарылчылыгы жок».

Адвокат Жоошевдин бул маалыматына азырынча ЖАМКтын басма сөз кызматынан пикир алууга мүмкүн боло элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here