Бетиңиздин териси жагымдуу болушу үчүн 1 чай кашыктан анар ширеси менен каймакмайды аралаштырып, 10-15 мүнөткө маска катары сүйкөсөңүз болот; Бетиңизди агартууну кааласаңыз, анда төмөнкү масканы жасаңыз. Алгач 2 аш кашык жаңы сыгылган анар ширесин 1 аш кашык каймакмай жана 0,5 аш кашык лимон ширеси менен аралаштырып, бетиңизге жабыңыз. Анан 15 мүнөттөн соң салкын сууга жууйсуз.

Анар майлуу чачты калыбына келтирүүдө натыйжалуу каражат. Ал үчүн идишке бир даана чоң анардын ширесин сыгып, ага бир стакан таза аракты, анча чоң эмес бир лимондун ширесин, бир аш кашык сабиз ширесин жана бир аз балды кезеги менен кошосуз.

Жакшылап аралаштырган соң бул массаны бөтөлкөгө куюп, капкагын бекем жаап күн тийбеген жана муздак жерге 10 күн тыныктырасыз. Анан чачты жууганга 20 мүнөт калганда масканы коюп турасыз; Беттин терисиндеги кара чекиттерди жана сепкилдерди жаңы сыгылган анар ширеси менен сүртүп отуруп азайтса болот. Бирок, бул ыкма териси кургак адамдарга тиешелүү эмес.

Анарды туура тандай билиңиз

Сапаттуу анардын кабыгы кургак, ал эми ичи ширелүү болот. Ал үчүн сырткы кабыгы жылмакай эмес, тескерисинче бир аз бүдүрлүүсүн сатып алыңыз. Ал эми кабыгы жылмакай жана жагымдуу анар убагынан эрте үзүлгөн болуп саналатДен соолукта болуп оорубаңыз

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here