ИИМдин  басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 1-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айылдарынын биринен 48 баш кой уурдалганы тууралуу арыз түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери «Коопсуз шаар» долбоорунун коопсуздук камераларын колдонуп, уурдалган мал ташылган автоунааны аныктап, андан кийин шектүүлөрдү кармаган. 24 жаштагы М.Р., 18 жаштагы Ч.А. жана М.З. тергөө кызматына жеткирилген.

Сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө уурдалган малды сатып алган адам аныкталды. Ал тергөө учурунда өз ыктыяры менен жабырлануучуга (Б.К.) 15 койду кайтарып берген. Шек саналган эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары, жогоруда адамдардын ушул сыяктуу жетиге жакын мал
уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги белгилүү болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here