Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты  Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жакын туугандарынын каттоосунда турган 500 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарганын кабарлады.

Токтогул районунун Торкен айылындагы 500 гектар жайыт жер жана Токтогул районунундагы 30 гектар сугат жер мамлекеттин балансына өттү. Бул жерлерди Сарпашев өзү алып, туугандарына каттаткан.  Финансы полициясы Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы баскычын аткарганын, эми ал жерлерди Торкен айылынын муктаж үй-бүлөлөрүнө бөлүштүрүү ишин мекеме көзөмөлгө аларын кабарлады.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Тайырбек Сарпашевдин мүлкүнүн калган бөлүгүнүн мыйзамдуулугу текшерилип жатат. Ал 9-декабрга суракка чакырылды. Ал кызматта турганда мындан башка да кыймылсыз мүлктөрдү менчиктеп алууга шектелип жаткандыгы айтылууда

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here