Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Текебаев жана жаңы талкууланып жаткна Баш мыйзам жана буга чейинки Баш мыйзам боюнча ойлорун ортого салды…

-«Мен тарыхтан сабак алдым» Өмүрбек Текебаедин “Азаттык” радиосуна берген маегин көрдүм. “Садыр Жапаров сунуштап жаткан баш мыйзамдын долбоору боюнча 30 жыл артка кетебиз” дептир. Тескерисинче Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик. Муну бүгүнкү жашоо-турмушубуз айдан ачык далилдеп отурат. Бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебеси тастыкталды. Партиялык шайлоо менен келген парламенттик башкаруу системасы, Кыяз Молдокасымов агабыз айткандай, кызылдай эле бизнеске айланып кетти. Партиянын биринчи ондугуна кирген киши 1 миллион доллардан баштап, арты эки жүз миң долларга чейин берип, Жогорку Кеңешке депутаттык мандатты сатып алып, парламентке келип жатышты. Бул элдин баары билген кашкайган факт. Тагыраак айтсам, Жогорку Кеңешке ар бир орун 200 миң доллардан баштап, 1 млн долларга чейин сатылып калган. Эл дагы добуштарын сата баштады. Себеби Текебаев түзгөн башкаруу система ушул абалга алып келди. Биз бул балээни жок кылып жатабыз. Мындан ары добуш сатып алуу түп тамыры менен жок болот. Добуш сатып алган депутат кантип эл үчүн иштейт? Тескерисинче, шайлоодо короткон акчасын беш жыл бою толуктап эле тим болбостон, аны эки-үч эсе көбөйтүп алуунун жолун издейт. Муну он жылдан бери көрүп келатабыз го. Ошондуктан мамлекетти жок кылууга алпара турган бул системаны сындырып, бир кишинин эмес, бүткүл элдин, мамлекеттин пайдасына иштей турган Баш мыйзам түзүп кетели. Бул Баш мыйзам беш-он жыл сайын алмашылбаган, керек болсо жүз жыл бекем иштеген Баш мыйзам болсун деп жатабыз. Албетте, жашоо-турмуш өзгөрүп турат. Ошондо да кайра-кайра эле Баш мыйзам өзгөртөбүз деп эки жаат болуп кайым айтыша бербей, майда-чүйдө эрежелерди конституциялык мыйзамдар менен жөнгө салып туралы деп жатабыз. 2010-жылдагыдай азчылык «силер кимсиңер, силер эч ким эмессиңер»дебестен, аялдардын, жаштардын да укуктуу кызыкчылыктарын камтып, парламентке депутаттар 35 можаритардык, 55 пропорционалдык шайлоо менен келишсин деп атабыз. Адам укуктарын коргоону күчөтөлү, сөз эркиндигин да катуу коргогон нормаларды киргизгиле деп жатабыз. Текебаевге дагы эмне керек – эч түшүнбөйм? “Садыр Жапаров Президенттин милдеттин аткаруучу болуп туруп, мени “Маевскийден 1 млн доллар алган” деп калп айтты. Бул сөзү менен сотторго түздөн-түз көргөзмө берди”,- дейт. Баарына белгилүү болгондой, учурда мен Президенттин милдетин аткаруучу эмесмин. Жөн гана катардагы жаранмын. Макул, мени “калп айтты” десин. 2011-жылы эле Маевскийдин кишиси Модин досу экөө депутат Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевке келип: “Текебаевден 1 млн долларыбызды алып бергилечи”,- деп жардам сурап жүргөнүн кайда катабыз? Же Дүйшөн Чотонов 2010-жылы эле Өмүрбек Абдрахмановго: «Маевскийден бир миллион доллар алдык, ошону шайлоого колдонуп жатабыз»,- деп ачыгын айтып алганын кайда катабыз? Ал убакта ачыкка чыкпаган себеби – Текебаев менен Атамбаев жакшы мамиледе болушкан. Бирок көп өтпөй эле Кудай элдин ырыскысына кол салгандардын бетин ачып койду го. Кыргызстан – кичинекей өлкө. Ким кантип, кайдан уурулук кылып жатканын, саясатчылар бири-бирибизди жакшы билебиз. Мегакомду ошол кезде саттырбай мен сактап калгам.

Албетте, бул кайым айтышуулар Текебаев экөөбүздүн деңгээлибиздеги маселе эмес эле. Бирок азыр жооп берүүгө туура келип жатат. Анткени буга чейин эки, уч жолу элдин башын айлантып, Баш мыйзам, сот реформасы, Кумтөр жана башка маселелер катуу талкууланып жатканда, элдин оюн тескери жолго буруп кеткен учурлары болгон. Жыйынтыгында элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы тебеленип калган. Эми да ушул тарыхый бурулушта элди тескери жолго буруп жиберсе, накта ошондо 30 жыл дагы артка кетебиз. Президенттерди тегерегиндегилер, айлана-чөйрөсүндөгүлөр бузат деген чын экен, туугандар. “Ой анын деңгээлине түшпө, мунун деңгээлине түшпө, ылдый болуп кеттиң дегендер көп. Мен эмне ылдый түшпөй, асманда жашап жаттым беле? Мурдагы мамлекет башындагыларды да «ал сиздин «деңгээл» эмес, бул сиздин деңгээл эмес» деп асманга көкөлөтүп, элден алыстатып жүрүп, президенттерди таптакыр эле элден четтетип коюшту. Акырында таптакыр элдин турмушунан кабарлары болбой, асмандап калганда, эл “жерге” түшүрүп койду. Дал ушундай учурларда жандарында бирөө да калган жок. Баары алардан жаа бою качып кетишти. Ошол үчүн, мейли ким болбосун жөнү жок сындап, куру доомат коюп, кооз сөздөр менен элди алдап, жаштарды туура эмес жолго жетелегендерге сөзсүз жооп беришим керек. Мен тарыхтан сабак алдым. Асмандабай эле, элдин турмушундагы ар бир маанилүү ишке көңүл буруп, катардагы эл менен чогуу жашайм, туугандар.

Я посмотрел интервью Омурбека Текебаева, которое он дал радио «Азаттык».В нем он заявил, что предложенный Садыром Жапаровым проект Конституции отбросит нас на 30 лет назад.Ответ: Напротив, по текебаевской Конституции мы жили 10 лет и вернулись на 30 лет назад. Сегодня это доказано на практике, что Конституция, написанная одним человеком для личной выгоды, не будет работать в интересах народа и государства. Как заметил Кыяз Молодокасымов, парламентская система правления, возникшая после партийных выборов, превратилась в бизнес.Кандидаты платили от двухсот тысяч до миллиона долларов за включение в первую десятку списка от партий, таким образом покупая мандат депутата Жогорку Кенеша. Это факт. Точнее говоря, каждое место в Жогорку Кенеше продавалось за суммы от двухсот тысяч до миллиона долларов. Народ тоже начал продавать свои голоса. Потому что созданная Текебаевым система правления привела к такой ситуации.Станет ли депутат, купивший голоса, работать на народ? Наоборот, он начнет искать способ, чтобы за пять лет депутатского срока вдвое или втрое покрыть свои расходы на избирательную кампанию. Мы все это увидели за десять лет. Поэтому необходимо сломать эту систему, которая разрушает государство, и создать Конституцию, которая будет работать на благо народа и государства, а не одного человека. Мы хотим, чтобы эта Конституция не менялась каждые пять-десять лет, а проработала сто лет. Конечно, жизнь переменчива и могут возникнуть разные обстоятельства. Но при этом мы не должны разделяться на противоборствующие стороны, споря по поводу внесения незначительных правок в Конституцию – такие вопросы должны регулироваться конституционными законами. Вместо того, чтобы говорить: «Кто вы такие?» и «Вы никто», мы призываем к 35 мажоритарным и 55 пропорциональным выборам в парламент, охватывающим законные интересы женщин и молодежи. Мы предлагаем укрепить права человека. Мы вводим нормы, строго защищающие свободу слова.Я не понимаю, что еще нужно Текебаеву. Текебаев заявил, что исполняющий обязанности президента Садыр Жапаров солгал, заявив о получении им 1 миллиона долларов от Маевского и дав таким образом прямые показания для суда. Я сейчас не президент, а обычный гражданин .Хорошо, он обвинил меня во лжи.Но как скрыть тот факт, что В 2011 году Маевский и Модин пришли к депутату Феликсу Кулову и Омурбеку Суваналиеву и попросили помочь вернуть миллион долларов, которые они отдали Текебаеву?Как мы забудем, что Дуйшон Чотонов открыто сказал Омурбеку Абдрахманову в 2010 году: «Мы получили от Маевского один миллион долларов и используем их на выборах».В то время данные факты не вскрылись благодаря хорошим отношениям Текебаева и Атамбаева. Однако вскоре Бог изобличил тех, кто хотел украсть народные богатства. Кыргызстан маленький. Политики очень хорошо знают друг друга, и видят, кто и как ворует.Конечно, такие словесные перепалки не уровень Текебаева и меня. Но мне нужно было ответить. Было два или три раза, когда людей запутывали при обсуждении вопросов по Конституции, судебной реформе, Кумтору и др. В итоге интересы народа и государства оказались растоптанными. Сейчас, в этот исторический поворотный момент если ему снова удастся повернуть людей в противоположном направлении, то нас действительно отбросит на тридцать лет назад.Оказались правы те, кто говорил, что президентов портит окружение.Есть много людей, которые говорят: «Не опускайся до его уровня». Но разве я жил на небесах, чтобы упасть?И других несчастных президентов в прошлом оторвали от людей, говоря: «Это не ваш уровень», «Не опускайтесь», возносили до небес, но через три года лишили его власти. После потери власти рядом с ним никого не осталось, все сбежали. Вот почему я должен отвечать тем, кто кого-то вводит в заблуждение и ведет людей и молодежь в ложном направлении пустыми криками. Я извлек урок из истории. Я не буду возноситься, я буду участвовать во всех важных делах и буду жить просто.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here