Индиянын Андхра-Прадеш штатында 350дөн ашуун адам белгисиз илдеттен улам ооруканага жаткырылса, бир адам каза болду. Бул тууралуу «India TV» телеканалынын сюжетинде айтылды.

Бейтаптар ооруканага баш айлануу жана эпилепсия, күтүлбөгөн жерден эсин жоготуу, ооздору көбүктөнүп, калтырап-титирөө белгилери менен кайрылышкан.

Дарыгерлер канды анализдеп, мээнин компьютердик томографиясын жүргүзүшсө дагы күтүүсүз оорунун себебин аныктай алышкан жок. Жүлүн мээсинин суюктугунун анализинде да эч кандай өзгөчөлүк байкалган эмес.

Дарыгерлердин айтымында, буга чейин оорунун дал ушундай белгилери менен келген 180 адам ооруканадан чыгарылган. Учурда 160 адам дарыланууда.

Оорунун себебин аныктоо үчүн Улуттук тамактануу институтунун, Химиялык технология институтунун жана Бүткүл Индия медициналык илимдер институтунун дарыгерлеринен турган топ аталган штатка жөнөтүлдү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here