Молдова мамлекети  1990-жылдын башында ураган ССРдин курамындагы 15 мамлекеттин бири. Эгемендүүлүккө Кыргызстан сыяктуу эле 1991-жылы жеткен.  Элинин саны 3,5 млн. Саясый кризис көп болуп, жакшы өнүгө албай жаткан мамлекеттердин катарында. Румын тили расмий тил болуп эсептелет. 16-октябрда өткөн президенттик шайлоодо 2016-жылдан бери мамлекетти башкарып жаткан  Игорь Додон 48 жаштагы Майя Санду аттуу айымга жеңилди. Санду айымдын 3 жогорку билими бар. Экөөнү өз өлкөсүнөн алса,  үчүнчүсүн АКШдан алган. 2012-жылдарга чейин банктарда (анын ичинде Дүйнөлүк банктын Колумбиядагы филалында иштеген) жана БУУда эмгектенген. Ошол жылы Молдованын Билим берүү министри болуп дайындалган. Ал бул кызматта башкаларга салыштырмалуу кыяла таза жана жакшы иштеген министрлердин бири болуп калды. Өлкөнүн билим берүү тармагына  өзгөртүү киргизип, айрыкча студенттерге билим берүүнү тыкыр көзөмөлгө алып, жакшырткан.

  2016-жылы президенттик шайлоого катышып, Додонго жеңилип калган. 2019-жылы премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгон. Бирок көп өтпөй аны бул кызматтан четтетишкен. Себеби, мурунку премьер ага ордун бошотуп бербей, чыр болуп, өлкө саясый кризике кептелгенде, бул ишке сот чекит койгон. Үй-бүлөлүк жагдайы тууралуу учкай маалымат: Санду айым, турмушка чыккан эмес. Коомчулукта анын сексуалдык орентациясы сынга алынып келет. 2017-жылы чыккан РАФ үлгүсүндөгү машинесин өзү айдайт жана 72 чарчы метр кавартирда жашайт…

Молдова элинин колдоосун алып турган бул айым эми кичинекей өлкөнү өнүктүрүүгө катуу киреше турганы айтып келет. Жакында анын элге болгон кайрылуусу башка өлкөлөрдүн да купулуна толуп, мактоолор айтылууда.Буга чейинки президен Додон орусячыл болсо, Санду айымду батышчыл деп эсептешет. Ал өз кайрылуусунда өлкөдөгү Орусиянын таасирин азайта турганын айткан.

Кыргызстанда мына ушул айымга окшоп, ишенимдүү сүйлөп, ишенимдүү иштей тургандар барбы? 

Молдова элинин колдоосун алып турган бул айым эми кичинекей өлкөнү өнүктүрүүгө катуу киреше турганы айтып келет. Жакында анын элге болгон кайрылуусу башка өлкөлөрдүн да купулуна толуп, мактоолор айтылууда.

. Кыргызстанда мына ушул айымга окшоп, ишенимдүү сүйлөп, ишенимдүү иштей тургандар барбы?Өлкөбүз качан өнүгөт?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here