Ош шаарында 8 жумалык баласы боюнан түшкөн 15 жаштагы кыз шаардык төрөт үйүнө кайрылды. Бул тууралуу маалыматты өздүк булактар билдирип, Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы Дамира Ташмаматова тастыктады.

Анын айтымында, дарыгерлерге 15 жаштагы кыз өзү эмес, апасы барган.

«Апасы «15 жаштагы кызымдын боюнда бар, ошонун боюнан түшүрүш керек» дегенби же «боюнан түшүп жатат дегенби», айтор дарыгерге кайрылган. Кыз өзү келген эмес. Биздин гинекология бөлүмүбүз убактылуу кызыл зона болгондуктан кабыл алуу жүрбөй жатат. Биздин дарыгер кызын Ош облустук төрөт үйүнө алып барышы керектигин айткан. Бизге катталган эмес», — деди Ташмаматова.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башчысы Гүлбара Кенжебаеванын айтымында, 15 жаштагы кыз апасы менен бирге келген. Экөө бала жолдон боюнан түшүп калганын айтып, баласын колуна кармаган бойдон төрөтканага барган.

«Бизге келгенде коркуп жашын жашырып, 17 жашта экенин айтышкан. Кийин документ боюнча каттоого алганда 15 жаштагы окуучу кыз экени аныкталды. Ош шаарынын тургуну экен. Апасы менен келди. Алардын айтымында, жолдо боюнан козголуп, бала түшүп калган. Бизге көп кан кеткендиктен келген. Учурда биздин көзөмөлүбүздө. Абалы жакшы. Шаардык төрөт үйүнө барып, кароодон өткөнүн айтты. Ошол жерден боюнда бар экени аныкталган. Жолдо келе жатып боюнан түшкөнүн айтып жатышат. Боюндагы баланы колдоруна кармап келишти», — деди Гүлбара Кенжебаева.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here