Асел Кадырбекова өзүнүн социалдык баракчасына келген, күйөрмандарынын «Өзүңдүн чачың эмес го? Парикпи?» , — деген суроолоруна ачык жооп узатты.


«Менин баракчаман эмнелерди көрүп, эмнени окугуңуз келет. Сиздер үчүн менин баракчам кызыктуу болуусун каалайм. Тартынбай жазыңыздар. Ал эми «Бул парик го» деп жүз жолу сурагандарга: Ооба! Парик» Башыма операция жасатууга туура келди. Чачымды кырышты. Аны менен мага ыңгайлуу болчу, ошондуктан жолдошум менин абалымда көрүп ушундай белек кылган. Мен аны жашырбайм», — дейт ал.

Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, комада бир жума жатып, андан соң операция болгон. Учурда абалы жакшы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here