Америкалык окумуштуулардын изилдөөсү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Алар бир топ убакыттан бери иликтешкен. Окумуштуулардын иликтөөсян чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты. Адам кандай болгон учурда да жаман адаттардан баш тартып, тамакты түрлөп жеп, ар дайыма күлүп жүрсө , башкаларга салыштырмалуу узак жашаары аныкталган.

Окумуштуулардын тобу иликтөө үчүн атайын эксперимент жасашкан. 70 жаштан 90 жашка чейинки 832 аял менен 1 507 эркектин маалыматтарын чогултушкан . Жыйынтык боюнча көп күлүп, жайдары жүрүшкөн адамдар, көп учурда кабагын бүркөп жүргөндөргө салыштырмалуу 18 пайызга узак жашай турганы аныкталган. Узун өмүр сүргүсү келген аадмдар ичимдиктен, чылымдан, баңгизаттан жана жаман адаттардан алыс болушу керек. Тамакты да түрлөп жеп, бирок диеата кармай жүргөнү оң таасир берерин билдиришкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here