Ноокен райондук соту Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Киши өлтүрүү, кийин бул берене 131-беренеге квалификацияланган) менен айыпталган Зилоланын (аты өзгөртүлдү, И.З.Р.) жазык ишин карап, өкүм чыгарды.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда үй-бүлөлүк чырдан улам 47 жаштагы аял жолдошуна бычак сайып, ал көз жумганы маалымдалган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 31-март күнү саат 15:00 чамасында чыр чыгып, аялы ашкана бычагы менен жолдошунун көкүрөгүнө сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жетпей үзүлгөн.

Айыпталуучу 1973-жылы туулган. Билими орто, төрт баланын энеси. Убактылуу иштебейт. Мурун соттолгон эмес.

Зилола (аты өзгөртүлдү, И.З.Р.) 2020-жылдын 31-март күнү болжол менен саат 13:30 чамасында жолдошуна суюк тамак бышырып берүү үчүн аш бычакты алып, керектүү жашылчаларды туурап, андан кийин бычакты кир жуугуч машинанын үстүнө коюп койгон. Ошол маалда мас абалдагы күйөөсү жанына барып, «мага арам колдоруң менен тамак жасап жатасыңбы?» деп сүйлөнүп баштаган. Андан кийин күйөөсү кир жуугуч машинанын үстүндө турган бычакты алып, короо жакка сөгүнүп басып кеткен. Анын артынан Зилола барып, «өлтүрсөң өлтүр» деп, аны менен урушкан. Ошол учурда жолдошунун колундагы аш бычакты тартып алып, анын жүрөк тушуна сайып жиберген.

Айыпталуучуга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, Зилола кылмышты аффект (күчтүү, ошол эле учурда кыска мөөнөттөгү жан дүйнөнүн эмоционалдуу абалы) абалында жасаганы аныкталган.

Соттук отурумда айыпталуучу Зилола коюлган айып боюнча күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алды. Анын айтымында, 2020-жылдын 31-март күнү болжол менен саат 13:30 чамасында жолдошуна суюк тамак жасап берүү үчүн аш бычакты алып, керектүү жашылчаларды туурап, андан кийин бычакты кир жуугуч машинанын үстүнө коюп койгон. Ошол маалда күйөөсү мас абалында жанына келип, «мага арам колдоруң менен тамак жасап жатасыңбы?» деп сүйлөнүп баштаган. Андан кийин күйөөсү кир жуугуч машинанын үстүндө турган бычакты алып, короо жакка сөгүнүп басып кеткен. Анын артынан Зилола барып, «өлтүрсөң өлтүр» деп, аны менен урушкан.

Айыпталуучу андан ары эмне болгонун билбей калганын айтып, соттон жеңилдик берүүнү суранды.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү М.А.нын айтымында, маркум иниси үйүндө нан бышырып сатып, үй-бүлөсүн багып келген. Акыркы учурларда спирт ичимдиктерин көп ичип, үй-бүлөнүн бардык жүгү келиндин мойнуна жүктөлүп, Зилола балдарын жалгыз багып келген.

«Акыркы учурларда күндө мас болуп, үйүндө ызы-чуу салып баштаганда балдары мени чакырчу. Барсам, мени дагы укчу эмес. 2020-жылдын 31-март күнү саат 16:00 чамасында үйдө жатсам кабар келди. Барсам иним ооруканада жаткан экен. Булардын урушуна мен билгенден 17 жыл болду.

Сиздерден сураныч, келинимди чыгарып бериңиздер. Эки жаш баласы бар. Балдарын баксын. Тосмо арызымды жазып бердим. Эч кандай дооматым жок», — деп көрсөтмө берди.

Зилола Жазык кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүмү (аффект абалында киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркининен ажыратылды.

Ал КРнын «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамынын негизинде белгиленген жазадан бошотулду.

Булак:Turmush 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here