Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Уланбек Азыгалиев берилген арызынын негизинде борбор калаанын вице-мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Буга чейин ал жер ресурстары департаментин жетектеген», — деп жазылат билдирүүдө.

Тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here