Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун талдоого алып жатканы БШКдан маалым болду. Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан. Парламенттин тийиштүү комитети аны БШКнын кароосуна жөнөткөн. БШкнын маалыматында: референдум мыйзамдын негизинде дайындалат. Эгер чечим кабыл алынса 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлө турган президенттик шайлоо күнү шайлоочуларга эки бюллетень берилет. Эсептөө өз-өзүнчө жүрүзүлөт, кошумча каражат экинчи бюллетенди басып чыгарууга гана талап кылынат. Кошумча канча акча кетери азырынча айтала элек. Бирок баарынан да элге жедеп жек көрүндү болуп бүткөн Жапаров Акылбекке окшогондор референдумга автор болуп, элге акыл үйрөтүп жатканы коомчулукка жакпай турат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here